Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 2-октябры № 01-15/21
Административдик –аймактык чек араны тактоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин негизинде жана айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жусубалиевдин баяндамасын угуп, Бирлик айыл өкмөтүнүн сунушун жана Жер жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Алтын-Бешик айыл аймагы жана Бирлик айыл аймагы менен чектешкен административдик-аймактык чек араларын тактоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2.Чек араларды тактоо иштери тиешелүү жер-кадасрдык материалдардын ,картографиялык маалыматтардын жана жеринде жүргүзүлгөн өлчөө иштерин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Зарыл болгон учурда жеринде тактоо иштери жүргүзүү учурунда комиссия түзүлсүн.
4.Токтомду аткаруу жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго жүктөлсүн.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн altyn-beshik.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |