Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-сентябры № 01-06/12-35
Үч-Коргон айыл аймагындагы К.Камалов көчөсүнө асфальт төшөө боюнча Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү грантына даярдалган долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы К.Камалов көчөсүнө асфальт төшөөгө Кыргыз Республикасынын Үлүштүк дем берүүчү гранты менен каржыланып жаткан долбоорго Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салым катары жалпы сметалык баасынан 30% пайыз акча каражаты 2027-жыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Насировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Бердибеков