Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-сентябры № 01-06/12-36
2027-жылда Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунуш кылынып жаткан Үч-Коргон айыл аймагындагы “Жеткинчек” балдар бакчасынын даараткасын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорго макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 2016-жылдын 16-майындагы №59 Мыйзамынын III глава 13-беренеси жана XVI глава 78-беренесине таянып, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы “Жеткичек” балдар бакчасынын даараткасын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуменен каржыланып жаткан долбоорго Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жалпы 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты 2027-жыл жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу жана оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү боюнча жоопкерчилик Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Насировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Бердибеков