Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-сентябры № 01-06/12-38
Үч-Коргон айыл аймагындагы коммуналдык, инфраструктуралык жана чарбалык иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында дөңгөлөктүү экскаватор техникасын лизинг жолу менен алууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, 16.05.2016-жылдагы №59 Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 78-беренесине негиз жана Үч-Коргон айыл 17.09.2026-жылдагы №01-06/361 катына ылайык Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы коммуналдык, инфраструктуралык жана чарбалык иштерди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү максатында дөңгөлөктүү экскаватор техникасын лизинг жолу менен алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткаруу жагы жана бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Насировго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Үч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Финанс жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Бердибеков