Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-октябры № 742-VIII
Балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү энергетикалык
суусундуктарды жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсү
мүмкүн болгон тамак-аш продукциясын жүгүртүүнү, ошондой эле
алардын сапатын жана коопсуздугун, бул чөйрөдөгү мамлекеттик
жөнгө салуунун натыйжалуулугун жана мектепке чейинки билим
берүү уюмдары менен жалпы билим берүүчү мектептер үчүн
органикалык продукцияны мамлекеттик сатып алууну жүзөгө
ашыруу маселелерин комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу
депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 42-пунктуна жана 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунун 2026-жылдын 7-октябрындагы № 150 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүү энергетикалык суусундуктарды жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон тамак-аш продукциясын жүгүртүүнү, ошондой эле алардын сапатын жана коопсуздугун, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен жалпы билим берүүчү мектептер үчүн органикалык продукцияны мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу маселелерин комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары – Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Исираилов А.А. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;
Жалилов А.А. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;
Аматов Ж.Ж. – «Элдик» депутаттык тобунан;
Белеков А.Ч. – «Элдик» депутаттык тобунан;
Мамытов Т.Т. – «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан;
Чолпонбай уулу Б. – «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан;
Торобекова Н.Т. – «Ишеним» депутаттык тобунан;
Кубанычбеков И.К. – «Ишеним» депутаттык тобунан;
Мавлянова М.Э. – № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан;
Джумабеков Д.А. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;
Козуев А.А. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан.
2. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
– балдар жана жаштар тарабынан колдолунуп жаткан энергетикалык суусундуктарга, ошондой эле адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсү мүмкүн болгон тамак-аш продукциясына карата коопсуздук жана сапат талаптарынын сакталышынын абалын иликтөө;
– тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоонун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
– билим берүү уюмдарын ата мекендик органикалык продукция менен артыкчылыктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик сатып алуулардын механизмдерин өркүндөтүү боюнча колдонуудагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
– тамак-аш продукциясынын коопсуздугуна жана сапатына карата коюлган талаптардын сакталуусуна байланышкан көйгөйлөрдү аныктоо;
– тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте алуу, ошондой эле аларга талдоо жүргүзүү;
– жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча сунуштарды, анын ичинде тамак-аш коопсуздугу жана билим берүү уюмдарында тамактандыруунун сапатын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
4. Комиссияга өз ишине маалыматтарды жыйноо, талдоо жана жалпылоо, ошондой эле зарыл болгон материалдарды даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди жана эксперттерди мыйзамдарда белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
Ушул токтомду ишке ашыруу максатында Комиссияга өз ишине тиешелүү чөйрөдөгү улуттук эксперттерди, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрүн келишимдик шартта тартуу укугу да берилсин.
Чакырылган адистерди тартууга байланышкан чыгашалар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
5. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.
6. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жүргүзүлгөн ишинин жыйынтыктары жөнүндө баяндама берсин.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 14-октябрында https://www.kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8341 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |