Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 669
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын эрдиги жана Мекен алдындагы өзгөчө өтөгөн эмгеги, көп жылдык кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткарганы жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы үчүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, менчигин коргоо боюнча жарандык милдетин аткаргандыгы үчүн, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды укук коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоого көмөктөшкөндүгү үчүн сый курал менен сыйлоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сый курал фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-июнундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-декабрындагы № 585 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сый курал фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |