Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 токтомуна) |
Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүнө, 8-беренесине ылайык иштелип чыккан жана монополияга каршы орган тарабынан товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоодо колдонулат.
2. Ушул Тартипте «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) салыштырылуучу товардык рынок – товарды сатып алуучулардын же сатуучулардын курамы, товарды жүгүртүү шарттары, товардык рынокко чыгуу шарттары, мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча салыштырылуучу товардык рынок;
2) товардын атаандаштык баасы – бул товардык рыноктогу товардын максималдуу баасы, аны атаандаштык шарттарында үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттер белгилейт. Ошол эле учурда чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштык шартына ылайык келген чарба жүргүзүүчү субъекттер эске алынат, мында алардын өз алдынча аракеттери алардын ар биринин тиешелүү товардык рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн натыйжалуу чектейт.
3. Товардын монополиялык жогорку баасы деп үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген баа түшүнүлөт, эгерде:
1) бул баа атаандаштык шарттарында ошол эле товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген максималдуу жогорку баадан ашса же атаандаштык шарттарында түзүлгөн салыштырылуучу товардык рыноктогу баадан ашса;
2) бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана атаандаштык шарттарында чарба жүргүзүүчү субъекттерде түзүлгөн пайданын суммасынан ашса.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурда, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталган мындай товарга баанын (тарифтин) чегинде табигый монополия субъекти тарабынан белгиленген баа жана инновациялык иштин, башкача айтканда, өз ара бирин-бири алмаштырбаган жаңы товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товардын баасы монополиялык жогорку баа деп таанылбайт.
4. Товардын монополиялык төмөн баасы деп үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгилеген баа түшүнүлөт, эгерде:
1) бул баа ошол эле товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекти менен адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген баадан же салыштырылуучу товардык рынокто атаандаштык шарттарында түзүлгөн баадан төмөн болсо;
2) бул баа мындай товарды өндүрүүгө жана сатууга иш жүзүндөгү чыгашалардын суммасынан төмөн болсо.
«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурда товардын монополиялык төмөн баасы деп таанылбайт.
5. Монополияга каршы орган төмөнкү учурларда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин бааларынын өзгөрүшүнүн негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзөт:
1) товардык рыноктордогу атаандаштыктын абалына талдоо жана баалоо жүргүзүүдө;
2) кайрылууларды (арыздарды, даттанууларды) кароодо;
3) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча өз функцияларын жүзөгө ашырууда.
2-глава. Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо
6. Монополияга каршы орган үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген товардын монополиялык жогорку баасынын белгилерин аныктоо максатында товардын баасынын динамикасына жана өндүрүү (сатуу) көлөмдөрүнө талдоо жүргүзөт, анын ичинде:
1) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга тиешелүү же салыштырылуучу товардык рыноктогу рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ушундай эле товарына баадан ашкан бааны белгилөө;
2) тиешелүү же салыштырылуучу товардык рынокто баалардын тиешелүү өсүү темптерине салыштырмалуу чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга баалардын өсүү темпинен ашып кетүү;
3) физикалык мүнөздөмөлөрдүн (мисалы, товардын бирдигинин салмагын) төмөндөтүү жолу менен чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга бааларды жогорулатуу;
4) өндүрүү же жеткирүү мүмкүнчүлүгү болгондо керектөөчүлөрдүн суроо-талабы же заказдары бар товарларды өндүрүү жана (же) жеткирүү көлөмдөрүн негизсиз кыскартуу же өндүрүүнү жана (же) жеткирүүнү токтотуу.
7. Монополияга каршы орган үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект белгилеген товардын монополиялык төмөн баасынын белгилерин аныктоо максатында товардын баасынын динамикасына жана өндүрүү (сатуу) көлөмүнө талдоо жүргүзөт, анын ичинде:
1) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга тиешелүү же салыштырылуучу товардык рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушундай эле товарына баадан төмөн баанын белгилөө;
2) тиешелүү же салыштырылуучу товардык рынокто баалардын тиешелүү төмөндөө темптерине салыштырмалуу чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга баалардын төмөндөө темпинен ашып кетүү.
8. Эгерде ушул Тартиптин 6–7-пункттарына ылайык жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттин аракеттеринде үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарга монополиялык жогорку (төмөн) баанын белгилениши менен көрсөтүлгөн «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 8-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган бузуулардын белгилери бар экендигин көрсөткөн маалыматтар аныкталса, монополияга каршы орган териштирүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Териштирүү жүргүзүүдө чарба жүргүзүүчү субъекттин монополиялык жогорку (төмөн) бааны белгилөө боюнча аракеттерин ырастаган фактылардын болушу аныкталат.
9. Монополиялык жогорку бааны аныктоо үчүн монополияга каршы орган тиешелүү товардык рынокто товардын атаандаштык баасын белгилейт.
Атаандаштык бааны аныктоодо товардын сапаттык мүнөздөмөлөрү (параметрлери) эске алынат.
Эгерде бул товардык рынокто атаандаштык бааны белгилөө мүмкүн болбосо, салыштырылуучу товардык рынокто, анын ичинде эгерде мындай болсо Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары атаандаштык шарттарында түзүлгөн товардын баасы менен салыштыруу жүргүзүлөт.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген баа атаандаштык баадан ашып кетсе же салыштырылуучу товардык рынокто атаандаштык шарттарында түзүлгөн атаандаштык бааны аныктоо мүмкүн болбосо, же болбосо салыштырылуучу товардык рынок, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жок болсо, монополияга каршы орган мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон, алардын негизинде негизделген баа аныкталуучу чыгашаларды жана пайданы баалоо максатында ушул Тартиптин 12–16-пункттарына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгашаларына жана пайдасына талдоо жүргүзөт.
10. Монополиялык төмөн бааны аныктоо үчүн монополияга каршы орган товарга баалардын деңгээлин талдайт, аларды тиешелүү товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекттери белгилейт. Бааларды талдоодо товардын сапаттык параметрлери эске алынат.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген баа ошол эле товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекттери белгилеген баадан жогору болгон учурда, анда чарба жүргүзүүчү субъекттин баасы монополиялык төмөн болуп саналбайт.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген баа ошол товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекттери белгилеген баадан төмөн болгон учурда, монополияга каршы орган чарба жүргүзүүчү субъекттин мындай товарды өндүрүүгө жана сатууга иш жүзүндөгү чыгашаларына талдоо жүргүзөт жана чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товарга төмөн баанын белгиленишинин жагдайларын аныктайт.
11. Ушул Тартиптин алкагында чарба жүргүзүүчү субъекттен алынган финансылык-чарбалык иш жөнүндө документтер жана маалыматтар монополияга каршы орган тарабынан Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында белгиленген купуялуулук режимин сактоо менен жана ушул Тартиптин максаттары үчүн гана пайдаланылат.
12. Монополиялык жогорку бааны аныктоодо чыгашаларды жана пайданы тактоо үчүн монополияга каршы орган төмөнкүлөргө талдоо жүргүзөт:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттин финансылык-чарбалык ишине;
2) товардын өндүрүштүк жана толук өздүк наркынын динамикасына, ошондой эле товарга баанын динамикасына (анын ичинде өндүрүштүк жана толук өздүк наркынын өсүү (төмөндөө) темпин товарга баанын өсүү (төмөндөө) темпи менен салыштыруу);
3) өндүрүштүк кубаттуулуктарды эске алуу менен товарды өндүрүү (сатуу) көлөмдөрүнүн динамикасына;
4) натыйжада товарга түздөн-түз же кыйыр түрдө баа түзүлүүчү келишимдерге;
5) баалардын ар кандай түрлөрүнүн динамикасына (мисалы, сатып алуучулардын ар кандай топтору үчүн орточо салмактанып алынган);
6) мезгилдин чыгашаларына жана өндүрүштүк өздүк наркына, анын ичинде административдик персоналдын эмгек акысынын өсүш (төмөндөө) темпин өндүрүштүк персоналдын эмгек акысынын өсүш (төмөндөө) темптери менен салыштырууга;
7) субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товардан субъект тарабынан алынган пайдага;
8) субъекттин инвестициялык программасына;
9) кредиторлордун жана финансылык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерине.
Монополиялык төмөн бааны аныктоодо чыгашаларды жана пайданы тактоо үчүн монополияга каршы орган ушул пункттун 1–6-пунктчаларына талдоо жүргүзөт.
13. Монополиялык жогорку бааны аныктоодо товарды өндүрүү (сатуу) менен байланышкан зарыл чыгашалар жана пайда төмөнкүлөрдү эске алуу менен талданат:
1) ырастоочу документтерде (келишимдерде, эсеп-фактураларда) каралган бааларга жана товардын бирдигин чыгарууга чийки затты, материалдарды, отунду, материалдык ресурстардын энергиясын сарптоонун колдонулган ченемдеринин жана алардын жылдык ченемдерине жараша материалдык ресурстардын физикалык көлөмүнүн негизинде аныкталуучу өздүк наркка кирген материалдык чыгашаларды;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек акы төлөө системасында каралган эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү төлөөнү кошо алганда, персоналга эмгек акы төлөө боюнча чыгашаларды;
3) субъекттин эсепке алуу саясатында каралган методду пайдалануу менен аныкталуучу амортизациялык чегерүүлөрдү;
4) зайымдык каражаттар үчүн сый акы төлөөгө чыгашаларды;
5) субъекттин товарын өндүрүүгө (сатууга) түздөн-түз тиешелүү башка чыгашаларына;
6) ишкананын натыйжалуу иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылган, анын ичинде бул ишкананын функционалдуулугун камсыз кылган атаандаштык шарттарында түзүлгөн ишкананын ишинин көрсөткүчтөрү боюнча же рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекттеринин көрсөткүчтөрү боюнча пайданын зарыл деңгээлин.
Чарба жүргүзүүчү субъекттин товардын бирдигине зарыл болгон чыгымдарын жана пайдасын баалоодо зарыл болгон учурда тиешелүү же салыштырылуучу товардык рыноктогу рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттеринин окшош чыгымдарын жана пайдасын салыштырып талдоо методу колдонулат.
Монополиялык төмөн бааны аныктоодо ушул пункттун 1–5-пунктчаларын эске алуу менен товарды өндүрүүгө (сатууга) байланышкан иш жүзүндөгү чыгашалар талданат.
14. Пайда товарды өндүрүүдөн (сатуудан) түшкөн киреше менен товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл негизделген чыгашалардын жана иш жүзүндө төлөнгөн салыктардын ортосундагы айырма катары аныкталат.
Чарба жүргүзүүчү субъекттин өнүгүшү үчүн талап кылынган пайданын зарыл деңгээли өндүрүлүүчү (сатылуучу) товардын өзгөчөлүктөрүн, товардык рыноктун өзгөчөлүгүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттин иштөө шарттарын чагылдырат, ошондой эле төмөнкүлөрдү эске алат:
1) жаңы активдерди түзүүгө, учурдагы активдерди кеңейтүүгө, жаңылоого, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга инвестициялар;
2) тобокелдиктердин деңгээли (өндүрүштүн же керектөөнүн сезондук мүнөзү, климаттык факторлордон жогорку көз карандылык);
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жамааттык келишимдерде каралган милдеттенмелер;
4) менчиктештирүү жана концессия келишимдеринде, лицензиялык макулдашууларда, инвестициялык келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен башка макулдашууларда, анын ичинде социалдык жоопкерчилик жөнүндө макулдашууларда каралган милдеттенмелер;
5) монополиялык жогорку (төмөн) бааны эсептөө жүргүзүлүүчү товарлар (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) менен түздөн-түз байланышпаган башка төлөмдөр.
15. Зарыл болгон учурда монополиялык жогорку бааны кошумча негиздөө үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товардын бааларынын, өздүк наркынын (чыгымдардын айрым беренелери), пайдасынын жана рентабелдүүлүк деңгээлинин өсүш темпи рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттери менен салыштырылат.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк деп таанылган товардын баасынын, өздүк наркынын, пайдасынын жана рентабелдүүлүгүнүн өсүш темпи рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттеринин бул көрсөткүчтөрүнүн же атаандаштык шартында түзүлгөн өсүш темпинен олуттуу ашып кеткен учурда, бул монополиялык жогорку бааларды белгилөө бөлүгүндө үстөмдүк абалдын мүмкүн болгон кыянаттык менен пайдаланылышын кошумча ырастайт.
16. Каралып жаткан товардык рыноктогу үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектте талдануучу товарлар боюнча чыгымдардын жана пайданын беренелери боюнча чыгашалардын эсеби жок болсо, монополияга каршы орган негизделген баа деп максималдуу (минималдуу) бааны тааныйт, аны атаандаштык шарттарында ушул эле товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирбеген рыноктун чарба жүргүзүүчү субъекти белгилейт.
17. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген жана ушул Тартиптин 3-пунктунда, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген баа товардын монополиялык жогорку баасы деп таанылат, бул «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган негиз боюнча үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу болуп эсептелет.
18. Чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өндүрүлүүчү (сатылуучу) товарга төмөн баанын белгиленишинин себептерин талдоодо төмөнкүдөй жагдайлар эске алынат, мында чарба жүргүзүүчү субъекттин аракеттери монополиялык төмөн бааны белгилөөдө көрсөтүлгөн үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу деп таанылбайт:
1) тез бузулуучу товарларды сатуу;
2) товарды сактоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
3) товарды өндүрүүнүн (сатуунун) мезгилдүүлүгү;
4) товардын кемчилигинен же бузулушунан улам баанын түшүшү;
5) атаандаштыкты чектөөгө алып келбеген жарнамалык жана кайрымдуулук акцияларын өткөрүү;
6) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бул товарды өндүрүүнү (сатууну) токтотууга байланыштуу арзандатып сатуу;
7) тышкы факторлордон улам рынокто баалардын жалпы төмөндөшү.
19. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген жана ушул Тартиптин 4-пунктунда, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген баа товардын монополиялык төмөн баасы деп таанылат, бул «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган негиз боюнча үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат.
20. Монополиялык жогорку (төмөн) баа белгилери боюнча талдоолордун материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы органдын кызмат адамы аналитикалык корутунду жана төмөнкү этаптардын ар биринде андан аркы аракеттер боюнча сунуш даярдайт:
1) товардын баасынын динамикасын жана өндүрүү (сатуу) көлөмүн талдоо;
2) тиешелүү товардык рынокто товардын атаандаштык баасын аныктоо;
3) монополиялык жогорку (төмөн) бааны колдонуунун эсебинен чыгашаларды жана пайданы талдоо жана бузуулардын белгилеринин болушун баалоо.
21. Рыноктун чарба жүргүзүүчү субъектинин аракеттеринде (аракетсиздигинде) үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан товарга монополиялык жогорку (төмөн) бааны белгилөөдө көрсөтүлгөн бузуулардын белгилери бар экендигин көрсөткөн маалыматтар аныкталган учурда монополияга каршы орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуулар жөнүндө иштерди кароонун эрежелерине ылайык ишти кароо жөнүндө чечим кабыл алат.
Ишти кароодо чарба жүргүзүүчү субъекттин монополиялык жогорку (төмөн) бааны белгилөө боюнча аракеттерин ырастаган фактылардын болушу аныкталат.
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароонун натыйжасында кабыл алынган чечимге макул болбогон учурда, чарба жүргүзүүчү субъект ага «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
3-глава. Үстөмдүк кылуучу чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан монополиялык жогорку (төмөн) бааны белгилөө үчүн жоопкерчилик
22. Монополиялык жогорку (төмөн) баа белгиленген учурда монополияга каршы орган тарабынан монополиялык киреше (түшкөн акча) аныкталат.
23. Монополиялык жогорку (төмөн) бааны колдонуудан чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан алынган киреше (түшкөн акча) төмөнкү учурларда аныкталат:
1) үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополиялык жогорку баа монополиялык жогорку бааны колдонууда алынган акча менен ушул Тартипке ылайык аныкталган баанын негизинде эсептелген акчанын ортосундагы айырма катары белгиленгенде;
2) үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополиялык төмөн баа товардык рыноктон атаандаштарды четтетүүнүн эсебинен сатуу көлөмүн көбөйтүүнүн натыйжасында үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан алынган кошумча киреше (түшкөн акча) катары белгиленгенде.
24. Ушул Тартиптин 21–22-пункттарына ылайык аныкталган кирешени (түшкө акчаны) өндүрүү Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык, ал эми укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жүргүзүлөт.
25. Чечим мөөнөтүндө аткарылбаганда же толук көлөмдө аткарылбаганда монополияга каршы орган мажбурлап аткартуу же кирешени алып коюу жөнүндө доо менен сотко кайрылат.