Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-октябры № 112
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын, 2025-жылдын 25-декабрында IV Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши кабыл алган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобону, кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 1 протоколу менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планын жетекчиликке алып, кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү максатында, Бишкек шаардык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги V Элдик Курултайдын (мындан ары - Курултай) делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны 2026-жылдын 24-октябрында, саат 10:00дө, Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 197 (Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борбору ) дарегине чакырылсын.
2. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны – 500 өкүл, бөлүштүрүү ченеми: Ленин району - 129; Октябрь району - 131 өкүл; Биринчи май району -106 өкүл; Свердлов району -134 өкүл.
3. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча жарандардын жыйындары 2026-жылдын 8-октябрынан 16-октябрына чейин өткөрүлсүн.
5. Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жарандарынын жыйындарынын графиги жана жооптуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Б. Б. Усеналиевге жана кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин мүчөсү, Бишкек шаарынын мэри А. Дж. Джунушалиевге жүктөлсүн.
8. Бул токтом кол коюлганкүндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Б. Усеналиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын “5” октябрындагы № 112 токтомунун 1 тиркемеси
|
Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Жумушчу топтун төрагасы:
Б.Б. Усеналиев - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.
Жумушчу топтун төрагасынын орун басарлары:
Ж.А. Абдраимов - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
А.А. Шананов - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
Алмаз уулу Аскар - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары;
К.Б. Иманалиев - Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары.
Жумушчу топтун катчысы:
А.Э. Бикиев - Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы.
Жумушчу топтун мучөлөрү:
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары;
Т.К. Сурапбаев - Бишкек шаардык кеңешинин «Жаңы күч - Новая сила» фракциясынын лидери;
Э.М. Салымбеков Э.М - Бишкек шаардык кеңешинин «Эмгек» фракциясынын лидери;
Д.Б. Бектемиров - Бишкек шаардык кеңешинин “Ынтымак” фракциясынын лидери;
Т.Э. Дайырбеков - Бишкек шаардык кеңешинин “Адилет” фракциясынын лидери;
Т.А. Асылбеков - Бишкек шаардык кеңешинин “Эл Үмүтү” фракциясынын лидери;
И.Б. Аденов - Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;
Н.А. Керимов– Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Р.И. Мусаева - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Р. Г. Алиев - Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
Муратбек Атай - Бишкек шаарынын мэринин орунбасары;
Р.Ж. Сапарбеков - Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
Т.Ж.Айтиев -Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
Дж.Б. Чуштуков - Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
Сарылбек уулу Улан - Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
М. А. Амангелдиев - Свердлов администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы;
А.Ш. Токтоналиев - Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги;
О.М. Маратов - Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгынын контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
Б.Э.Ажыгулова - Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялар менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси;
С. И. Аристова - "Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому" коомдук бирикмесинин жооптуу катчысы.