КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-марты № 1943-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген "Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген "Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) I бөлүмдүн биринчи бөлүгүндө "148-беренесине" деген сөздөр "145-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) IV бөлүмдө:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескеген комитети менен макулдашылган сунуштамасы боюнча, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескеген бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин кызмат ордун ээлеген адам ыйгарым укуктуу өкүл кызмат ордуна Жогорку Кеңештин Төрагасынын эл аралык кызматташтык маселелерин тескеген орун басарынын Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескеген комитети менен макулдашылган сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан дайындалат.
Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин орун басарынын кызмат ордун ээлеген адам Жогорку Кеңештин Аппаратынын эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелерин тескеген бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн белгиленген тартипте дайындалат.
Ыйгарым укуктуу өкүл эл аралык парламенттик уюмдун уюштуруу документтеринде каралган мөөнөткө дайындалат. Мындай мөөнөттөр жок учурда ыйгарым укуктуу өкүл беш жылдык мөөнөткө дайындалат.";
- экинчи бөлүктө "үч жылдан" деген сөздөр ", Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин жана Аппарат Жетекчисинин орун басарынын кызмат ордун ээлеген адамдарды кошпогондо, эки жылдан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- саясий жетекчиликтин ишенимин жоготкон учурларда.".
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу өкүл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемеси менен дайындалат жана бошотулат (кайра чакыртылат).".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.Исаева |