Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 28-февралы № 79
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ош шаардык кеңешинин аппаратынын штаттык санынын чегин муниципалдык кызматчылардын 3 штаттык бирдигине, анын ичинде Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чегинин 2 штаттык бирдигин кыскартуунун эсебинен көбөйтсүн.
2. Бул тескемени ишке ашыруу тиешелүү жана кийинки жылдарга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |