Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 54
V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча коомдоштуктарын жыйынына өкүлдөрдү көрсөтүү жана коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 “V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына негиз, Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Коомдоштуктардын жыйынын өкүлдөрү Орозбеков айыл аймагы боюнча жалпы саны 100 адам деп белгиленсин.
2. Коомдоштуктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Коомдоштуктардын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча Орозбеков айыл аймагы 2- тиркемеге ылайык ченемдерге бөлүнсүн.
4. Коомдоштуктардын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча жумушчу тобунун календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү графиги жана алардан шайлануучу өкүлдөрдүн саны 3- тиркемге ылайык бекитилсин.
5. Коомдоштуктардын жыйынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси 4-тиркемге ылайык бекитилсин.
6. Орозбеков айыл өкмөтү коомдоштуктардын жыйынын өкүлдөрүн шайлоо боюнча жарандардын жыйындары жана чогулуштары өтө турган күнү, убактысы жана жайы жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соцтармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн кабардар кылсын.
7. Жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайды аныктап тиешелүү жабдыктар менен камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Коомдоштуктардын жыйыны 2026-жылдын 24-октябрь күнү саат 10-00 дө Орозбеков айылындагы С. Тешеев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жыйындар залында өткөрүлсүн.
9. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
10. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмө тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага К. Каримов
Орозбеков айылдык кеңешинин 02.10.2026-жылдагы кезектеги жыйырманчы сессиясынын №54 токтомуна 1-тиркеме
Орозбеков айыл аймагында V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Коомдоштурктардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А. | Кызматы |
1 | К. Каримов | Төрага |
2 | А. Бекмурзаева | катчы |
3 | К. Зикиряев | мүчөсү |
4 | Б. Мажитов | мүчөсү |
5 | Ш. Курбаналиев | мүчөсү |
6 | Пазыл у Данияр | мүчөсү |
7 | Ы. Абылкасымова | мүчөсү |
8 | М.Канаев | мүчөсү |
9. | Н. Ысакова | мүчөсү |
10 | Т. Жакшыбаев | мүчөсү |
12 | Г. Сейитава | мүчөсү |
13 | Н. Алимова | мүчөсү |
14 | У. Жолдошбаева | мүчөсү |
15 | П. Кочкорова | мүчөсү |
16 | Т. Исаков | мүчөсү |
17 | Н. Мансурова | мүчөсү |
18 | Т. Ташматова | мүчөсү |
19 | А. Абдуллаева | мүчөсү |
20 | К. Эргешова | мүчөсү |
21 | К. Мансуров | мүчөсү |
22 | А. Бактыбаев | мүчөсү |
23 | О. Каратаев | мүчөсү |
Орозбеков айылдык кеңешинин 02.10.2026-жылдагы кезектеги жыйырманчы сессиясынын №54 токтомуна 2-тиркеме
Коомдоштурктардын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча Орозбеков айыл аймагынын бөлүнүшү
№ | Айылдардын аталышы | Калктын саны |
1 | Кара-Шоро | 228 |
2 | Ак-Кыя | 1240 |
3 | Кескен-Таш | 1708 |
4 | Гайрат | 1629 |
5 | Кызыл-Булак | 2308 |
6 | Лангар | 961 |
7 | Тамаша | 1312 |
8 | Жалгыз-Булак, Кароот | 1229 |
9 | Көтөрмө | 776 |
10 | Өндүрүш, Сары-Талаа | 1280 |
11 | Кудук | 1655 |
12 | Кош-Дөбө | 1087 |
13 | Күлдү | 5454 |
14 | Орозбеков | 3656 |
15 | Учкун | 1404 |
Орозбеков айылдык кеңешинин 02.10.2026-жылдагы кезектеги жыйырманчы сессиясынын №54 токтомуна 3-тиркеме
Орозбеков айыл аймагында Коомдоштурктардын жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча жумушчу топтун чогулуштарын өткөрүү графиги.
№ | Айылдырдын аталышы | Чогулуш өтүү убактысы | Чогулуш өтүүчү жай | Өкүл дөр- дүн саны | Жооптуу | |
Күнү | Убак тысы | |||||
1 | Кара-Шоро | 08.10.2026 | 10-00 | Кара-Шоро башталгыч мектеби | 1 | Пазыл уулу Данияр |
2 | Ак-Кыя | 08.10.2026 | 15-00 | Элпейсеки аялдамсы | 5 | Пазыл уулу Данияр |
3 | Кескен-Таш | 09.10.2026 | 16-00 | Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүүчү мектеби | 6 | Пазыл уулу Данияр |
4 | Гайрат | 10.10.2026 | 10-00 | Кысык мечити | 6 | Пазыл уулу Данияр |
5 | Кызыл-Булак | 12.10.2026 | 15-00 | Коксал Топтан атындагы жалпы билим берүүчү мектеп | 9 | Пазыл уулу Данияр |
6 | Лангар | 10.10.2026 | 9-00 | Ак-Өргө кафеси | 4 | Пазыл уулу Данияр |
7 | Тамаша | 08.10.2026 | 12-00 | Камбаров атындагы жалпы билим берүүчү мектеби | 6 | Ш. Курбаналиев |
8 | Жалгыз-Булак, Кароот | 08.10.2026 | 15-00 | Камбаров атындагы жалпы билим берүүчү мектеби | 5 | Ш. Курбаналиев |
9 | Көтөрмө | 08.10.2026 | 12-00 | Х.Жаныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеби | 3 | Ш. Курбаналиев |
10 | Өндүрүш, Сары-Талаа | 08.10.2026 | 16-00 | Өндүрүш ФАПтын жаны | 5 | Б. Мажитов |
11 | Кудук, Кош-Дөбө | 10.10.2026 | 10-00 | “Күлдү” жалпы билим берүүчү мектеби | 6+4 | Б. Мажитов |
12 | Күлдү | 12.10.2026 | 10-00 | Э. Шакиров атындагы “Охна” жалпы билим берүүчү мектеби | 21 | Б. Мажитов |
13 | Орозбеков | 08.10.2026 | 10-00 | С.Тешеев атындагы жалпы билим берүүчү мектеби | 14 | К.Зикиряев |
14 | Учкун | 10.10.2026 | 10-00 | Д. Сыдыков атындагы жалпы билим берүүчү метеби | 5 | К.Зикиряев |