Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги жыйырманчы сессиясы
2026-жылдын 2-октябры № 55
Орозбеков айыл аймагында “Мыкты айыл”, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй бүлө”, “Мыкты соода борбору” жана “Мыкты ишкер” конкурсун өткөрүү боюнча жобону бекитүү жана конкурсту өткөрүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөт башчысынын баяндамасын угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34,39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоо, калк арасында ынтымакты чыңдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалоо жана жергиликтүү ишкерликти колдоо максатында Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагында “Мыкты айыл”, “Мыкты көчө”, “Мыкты үй-бүлө”, “Мыкты соода боробору” жана “Мыкты ишкер” конкурстарын өткөрүү боюнча Жобо 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Конкурстук комиссиянын курамы 2- тиркеме ылайык түзүлсүн.
3. Конкурстун байге фонду үчүн айыл өкмөттүн бюджетиндеги тогуз айлыктын жыйынтыгы менен кошумча суралган пландын эсебинен 150 000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Конкурсту уюштуруу, жыйынтыгын чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасын декабрь айынын үчүнчү он күндүгүндө өткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
9. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
10. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмө тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык өнүгүү, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана жаштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага К.Кариморв