Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 56
Таштанды таштоочу жай курууга Кош-Дөбө айылынын Пүшкөүт участкасынан жер аянтын трансфорациялоого макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айылынын Пүшкөүт участкасынан 0,50 га жер тилкесин жайыт жерлер категориясынан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына, максаттуу пайдаланылышы таштанды таштоочу жай деп трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Кош-Дөбө айылындагы таштанды таштоочу жайды калктуу конушка жакын жайгашып, санитардык талаптарга жооп бербегендиктен жабуу жана жерди кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин..
3. Таштанды таштоочу жай уюштурулуучу жер тилкесинин так чегин, кадастрдык номерин, схемасын аныктоо жана документтерди даярдап, жерди трансформациялоо боюнча маселени тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К. Каримов