Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 58
Орозбеков айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы “Күлдү” орто мектебинин айыл менен чектешкен жагын тосууга каражат кароо жөнүндө” №76 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы “Күлдү” орто мектебинин айыл менен чектешкен жагын тосууга каражат кароо жөнүндө” №76 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй баяндалсын:
- “Күлдү” жалпы билим берүүчү мектебинин Кудук айылы менен чектешкен жагындагы селдин кесепетинен бузудган тосмосун оңдоп-түзөө иштерине айыл өкмөттүн бюджетиндеги тогуз айлыктын жыйынтыгы менен кошумча суралган пландын эсебинен 143 000(бир жүз кырк үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Орозбеков айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы “Күлдү” орто мектебинин айыл менен чектешкен жагын тосууга каражат кароо жөнүндө” №76 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Айылдык кеңештин ажооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кире.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К. Каримов