Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 2-октябры № 59
Орозбеков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы “Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен атайын техника сатып алуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27, 34 жана 39-беренелерине ылайык, бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Орозбеков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы “Мамлекеттик лизинг компаниясы" ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен атайын техника сатып алуу жөнүндө” токтомуна №53 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомдун 1-пунктундагы 8 550 000(сегиз миллион беш жүз элүү миң) сом деген сумма 7 848 900 (жети миллион сегиз жүз кырк сегиз миң тогуз жүз) сом деген суммага алмаштырылсын.
3. Токтомдун 3-пункту төмөндөгүдөй баяндалсын:
Лизинг боюнча төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төмөнкү өлчөмдөрдө төлөө каралсын:
2027-жылга – 2 363 609 сом;
2028-жылга – 2 195 730 сом;
2029-жылга – 2 023 054 сом;
2030-жылга – 1 851 817 сом;
2031-жылга – 1 677 581 сом.
4. Токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн orozbekov.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин ажооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кире.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К. Каримов