Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-сентябры № 23
Кара-Балта шаарынын Топографиялык, Тоголок Молдо жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан жеке менчик жылуулук тармагынын жер алдындагы бөлүгүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Балта шаарынын калкын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыз кылуу, жылуулук тармагын талаптагыдай күтүү жана пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, аталган жылуулук тармагын комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 01-6/1197 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине Топографиялык, Т. Молдо жана Ленин көчөлөрүндө жайгашкан, узундугу 159 (жүз элүү тогуз) метр болгон жеке менчик жылуулук тармагынын жер алдындагы бөлүгүн кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга,ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |