Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-сентябры № 24
«ДСУ» муниципалдык ишканасы тарабынан өндүрүлүүчү асфальт-бетон жабуусунун наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, «ДСУ» муниципалдык ишканасынын асфальт-бетон заводу тарабынан өндүрүлүүчү продукциянын бааларын тартипке келтирүү жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 25-августундагы №01-5/4054 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. «Жол курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, асфальт-бетон заводу өндүрүп чыгарган продукциянын баалары төмөнкү тизмеге ылайык жактырылсын:
1.1. Коммерциялык уюмдар жана башка жактар үчүн:
· асфальт-бетон жабуусу — 1 тоннасы үчүн 6 500,00 (алты миң беш жүз) сом;
1.2. Мамлекеттик мекемелер үчүн:
· асфальт-бетон жабуусу — 1 тоннасы үчүн 6 200,00 (алты миң эки жүз) сом;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга,ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |