Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-октябры № 122
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– “Ынтымак” саясий партиясынан Мадышанова Минара Харкиевна, “Ишеним” саясий партиясынан Турапова Жылдыз Жусупековна, “Ордо” саясий партиясынан Манапбаев Чолпонбек Изатович аймактык шайлоо комиссиясынын милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдө аткарбагандыгы тууралуу сунушуна ылайык, “Чоң Казат Кыргызстан” саясий партиясынан Нусубалиев Улукбек Асылбекович берген арызына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Карачалов Элдияр Разылбекович, Нурланова Жанэт Нурлановна, Щербинина Ольга Анатольевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Абдиманап уулу Суннатилла, Артыкбаев Раззак Урустамович, Даабеков Улан Абдинабиевич жана “Ынтымак” саясий партиясынан Доблатов Кыялбек Каныбекович берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Касымов Нурсултан Сахабидинович, Камбаров Акынбек Осконович, Абдимомунов Алтынбек Орозбекович жана Имарали уулу Мунарбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Азимбаев Өмүрбек Жолдошович, Назарова Раушан Абытовна жана Дарманова Канышай Келдыбековна берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Жунусов Байыш Жуманалиевич, Абжапарова Батма Маматовна жана Асамидинов Бурханидин Шарабидинович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Марасулов Атабек Каримович, Маматов Улукбек Каратаевич, Калматова Машрапхон Абдилазизовна жана “Ынтымак” саясий партиясынан Абдулкасымов Талантбек Мамазияевич берген арыздарына ылайык комиссиянын курамынан чыгарылсын;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мусаева Бубумайра Жармаматовна, Умурзакова Галча Асановна, Акматова Замирахан Кадыровна жана Акжол кызы Гүлнара резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: