Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №2/16
Датка айыл аймагынын Маданият айлынын №19 Тешебай Мусаев атындагы мектептин базасында мурун ачылган 3 сааттык бала бакчаны 10 сааттык муниципалдык бала бакча ачуу жөнүндө
Датка айыл аймагынын Маданият айлынын №19 Тешебай Мусаев атындагы мектептин базасында 10-сааттык балдар бакчасын ачуу боюнча жетекчилигинин билдирүүсүн карап чыгып, Датка айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Маданият айлынын №19 Тешебай Мусаев атындагы мектептин базасында мурун ачылган 3 сааттык бала бакчаны 10 сааттык муниципалдык бала бакча ачууга макулдук берилсин;
2. Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан Датка айыл аймагынын Маданият айлынын №19 Тешебай Мусаев атындагы мектептин базасында мурун ачылган 3 сааттык бала бакчаны 10 сааттык муниципалдык бала бакчасынын ишин толук кандуу уюштуруу үчүн кошумча штат ачуусу суралсын;
3. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башкы адисине М.Тажиковага Маданият айлынын №19 Тешебай Мусаев атындагы мектептин базасында 10-сааттык балдар бакчасында ачыла турган 10 сааттык топторду тамактануу чыгымдарын эске алуу менен 2026-жылдын I биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча Датка айылдык кеңешке бюджет бекитүүгө сунуш киргизилсин;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Ушул токтомду аткаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысыны орун
басарынын милдетин аткаруучусу Э.Матазимовко милдеттендирилсин;
7. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин
“Социальдык маселелер боюнча “туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |