Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №3/16
Датка айыл аймагынында бир жылда бир жолу төлөнүүчү төлөмдү төлөө мөөнөтүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калктын жашоо деңгээлин көтөрүү жана аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, карап чыгып, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
Токтом кылат:
1. 2020 жылы 18-январына Шарк айылдык кеңешинин (VI чакарылш) XVIII сессиясына №1 токтому менен калктуу конуштардын айымагынан таштандыларды чыгыруу үчүн жыйындын өлчөмү 1 жан үчүн физикалык жактар үчүн 10 сом, юридикалык жана коммерциялык жактар үчүн 20 сом деп бекитилген төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү ар жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин;
2. Айыл аймагыны айрыкча сырткы инвестицияларды тартуу жана айылдарды бардык субъекттердин салык төлөмүнө толук тартылынып камсыз кылуу максатында аларды иликтеп, анализдөө боюнча уюштуруучулук иштерди күчөтүү Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке милдеттендирилсин;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg
сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү
иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко
жүктөлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет
жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |