Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №4/16
Датка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-майындагы №4/16 Датка айыл өкмөтүнүн балансына турган китепкананы жабууга макулдук берүү жөнүндө токтому
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 беренесинин 2-пунктун жана Кыргыз Республикасын Министерлер Кабиненетинин 2025-ж. 22 июлундагы №264-т сандуу «Региондордогу маданият мекемелерин башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндөгү» тескемесинин жетекчиликке алып, карап чыгып, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл өкмөтүнүн балансына турган китепкананы жабууга макулдук берилсин;
2. Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке китепкананын базасында
заманбап электрондук китепкананы, ошондой эле окутуу курстарын ачуу боюнча чараларды
көрүү тапшырылсын:
- заманбап электрондук китепканасынын жабдууларын, ошондой эле окутуу курстары үчүн
зарыл болгон жабдууларды сатып алуу үчүн эл аралык донорлордун каражаттарын, жеке инвестицияларды, колдоочу долбоорлордун каражаттарын, регионду өнүктүрүү каражаттарын жана башка чөйрөлөрдү тартылсын;
- калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын категориясындагы айыл аймагынын
жашоочулары үчүн курстарга жана электрондук китепканага окуп жаткандарга тиешелүү арзандатууларды жана төлөмдөрдөн бошотууну каралсын;
3 Ушул токтомду аткаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучусу Э.Матазимовко милдеттендирилсин;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg
сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин
“Социальдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын;
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |