Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №5/16
Датка айыл аймагынын жергеликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергелтиктүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекттик агенттигинин 2026-жылдын 17-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарын типтүү Уставын бекитүү жөнүндө» №01-25/78 буйругун аткаруу максатында карап чыгап, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 16 баракта);
2. Бекитилген Жергиликтүү жамаатынын Уставы аткарууга жана элге маалымат жайылтуу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке милдеттендирилсин;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg
сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык
Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына жүктөтүлсүн;
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |