Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №2/17
Датка айыл аймагынын айыл чарба керектөөчүүлөрү үчүн сугат суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, "Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин берген маалыматын жана Датка айыл аймагынын суу керектөөчүүлөрдүн чогулушунун протоколун (2026-ж. 12- июнундагы №4 протокол) карап чыгып, Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын (2026-ж. 3- мартындагы кир. №166/5) сунушун эске алып, талкулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл чарба керектөөчүүлөрү үчүн сугат суунун тарифин төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин: - Датка айыл аймагынын айыл чарба керектөөчүлөрү үчүн сугат суунун төлөмү бир гектарына сезонуна - 3000 сом; - сугаруу үчүн насосторду колдонгон дыйкан керектөөчүлөр үчүн сезондо бир гектарына - белгиленген төлөмдөн элүү пайызы; - Датка айыл аймагынын короо-жай тилкелерин сугаруу үчүн сугат суусун пайдаланган керектөөчүлөр үчүн сезонуна бир кожолуктан суу жеткен жерге чейин - 200 сом;
2. Бул тариф 2026- жылдын 1 – июль айынан баштап ишке киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышы "Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевке жүктөлсүн;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |