Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №4/17
Датка айыл аймагынын таза ичүүчү сууну керектөөчүлөр тарабынан турмуштиричилик эсептоо приборлорун (счетчик) милдеттүү түрдө орнотуу жөнүндө
"Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин "Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы" жетекчиликке алып жана Датка айыл аймагынын аймагындагы ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында, "Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин (2026-ж. 29-июньдагы кир. №153/5) сунушун эске алып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын таза ичүүчү сууну керектөөчүлөр тарабынан турмуш-тиричилик эсептоо приборлорун (счетчик) милдеттүү түрдө орнотууга макулдук берилсин;
2. Суу эсептегич приборлорду орнотуу боюнча иштердин чыгымдарын аныктоо үчүн ар бир айылда счетчиктерди жана кете турган материалдарды сатып алууга кеткен чыгымдарды аныктоо үчүн жер - жерлерде комиссия түзүлсүн. Комиссиянын курамына айылдык кенештин депутаттары, айыл башчылары, көчө башчылары жана айылдан кеминде экиден активисттер мүчө катары киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышы " Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевке жүктөлсүн;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановго жүктөлсүн;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |