Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №5/17
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизинг негизинде атайын техникаларды сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын (2026-ж. 2- июлундагы чыг.№01-15/1131) катын эске алып, талкулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө лизинг негизинде атайын техникаларды сатып алууга макулдук берилсин;
2. Ар бир конкреттүү учурда атайын техниканы сатып алууда атайын техниканын маселелери (аталышы, арналышы, өзүн актоо мөөнөттөрү, жергиликтүү жамааттын салымы ж. б.) боюнча айылдык Кеңештин тармактык бюджет боюнча комитети менен макулдашуу жүргүзүлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл өкмөтүнү башчысына жүктөлсүн;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |