Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №6/17
Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы №213 контурдагы аянты 2,5 га жер тилкесин трансформациялоо үчүн айыл чарба жоготууларын компенсациялоонун суммасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 2-пунктун жетекчиликке алып, Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын (2026-ж. 30-июнудагы кир. №01-13/604) сунушун эске алып талкулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы №213 контурдагы аянты 2,5 га жер тилкесин трансформациялоо үчүн айыл чарба жоготууларын компенсациялоонун суммасын 6 727 050 сом бекитилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |