Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №7/17
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шарк айылынынын Бобалашкар участогуна №1295 контуруна 0,40 га жер тилкесин ФАП жана бала бакча куруу максатында бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинин 1 жана 2-пунктарын "Жергиликтүү маанидеги маселелер" жетекчиликке алып, Шарк айылынын тургундарынан жана депутаттардан ФАП жанан бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү талаптарын эске алып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Шарк айылынынын Бобалашкар участогунун №1295 контурдагы 0,40 га жер тилкеси ФАП жана бала бакча куруу максатында бөлүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Аталган жер тилкеси боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы»на тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |