Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №8/17
Датка айыл аймагындагы жаны калктуу конушка макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 4 п. жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023 - жылдын 29 -декабрында №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Датка айыл аймагынын Медресе айылынын жаны айылдарына статус берүү жөнүндө (2026 -ж. 7 июлундагы н/ж ) протоколдун негизинде, карап чыгып, талкуулап Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХVII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Медресе айылынын базасында: - Медресе айылы; - Биримдик айылы; Датка айыл аймагында жаңы түзүлгөн айылына статус алууга макулдук берилсин;
2. Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбек сунуштаган жаңы айылдын чек араларынын схема-картасы бекитилсин;
3. Жаңы түзүлгөн айылына статус алуу боюнча иштерди жана элге маалымат жайылтуу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү башчысы Зарипбек уулу Санатбекке милдеттендирилсин;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы»на тапшырылсын.
Төрага |
Аман уулу Алмазбек |