Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №1/18
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Шилбили участкасындагы Туризимди өнүктүрүү максатында жалпы 163,48 га таштуу, бадалдуу, токойлуу жана таза жайыт жер тилкелерин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/703 04.08.2026-ж.) каттыны негизинде жана Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын (2026-ж. 5-августундагы №4) протоколун карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Шилбили участкасынан Туризимди өнүктүрүү максатында №306 контурдан 1,95 га таштуу жайыт, №307 контурунан 1,85 га таштуу жайыт, №308 контурунан 3,45 га таштуу жайыт, № 309 контурунан 7,73 га таштуу жайыт, № 310 контурунан 3,49 га токойлуу жайыт, № 311 контурунан 1,76 га бадалдуу жайыт, №312 контурунан 21,19 га таштуу жайыт, №313 контурунан 9,37 га таштуу жайыт, №314 контурунан 3,69 га таштуу жайыт, №315 контурунан 1,68 га таштуу жайыт, №316 контурунан 16,77 га таштуу жайыт, №321 контурунан 0,29 га таштуу жайыт, №325 контурунан 1,53 га бадалдуу жайыт, №326 контурунан 4,35 га бадалдуу жайыт, №329 контурунан 3,77 га таза жайыт, № 342 контурунан 0,60 га бадалдуу жайыт, № 320+343 контурунан 8,91 га чопо, №345 контурунан 19,37 га токойлу бадал жайыт, №346 контурунан 0,86 бадалдуу жайт, №347 контурунан 0,14 га таза жайыт, №353+354 контурунан 5,17 га таштуу жайыт, № 353 контурунан 1,6 га чопо, №357 контурунан 10,25 га таштуу жайыт, №359 контурунан 2,67 га таштуу жайыт, №369а контурунан 4,04 га таштуу жайыт, №370 контурунан 0,03 га таштуу жайыт, №371 контурунан 11,33 га токойлуу жайыт, №372 контурунан 2,34 га таштуу жайыт, № 373 контурунан 2,74 га чопо, № 374 контурунан 2,71 га бадалдуу жайыт, №422 контурунан 1,71 га таштуу жайыт, жалпы 163,48 га жер тилкеси мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөтүлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |