Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №2/18
Ош шаардык "Ошшаарсууканал"муниципалдык ишканасынын тутумунан эмессууну керектеген Датка айыл аймагындагы бюджеттик жана коммерциялык уюмдар үчүн ичүүчү сууга тарифти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, "Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин каттын (2026-ж. 5 августундагы кир. №48/4) жана берген маалыматын эске алып, карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Ош шаардык "Ошшаарсууканал"муниципалдык ишканасынын тутумунан эмес сууну керектеген Датка айыл аймагындагы бюджеттик жана коммерциялык уюмдар үчүн ичүүчү суунун тарифи 1 метр куб. үчүн 20 (жыйырма) сом өлчөмдө бекитилсин;
2. Бул тариф кол коюлган күндөн тартып ишке киргизилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышы "Датка" Көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевке жүктөлсүн;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |