Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №3/18
Датка айыл аймагынын Ачы участкасынын №1276 контурунан 0,05 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтунун башчысын сунушун карап чыгып жана ветеринар адис тарабынан берген маалыматын эске алып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Ачы участкасынын №1276 контурунан 0,05 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жер боюнча “Яма Бекера” курууга тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл өкмөтунун ветеринар адиси Ю.Альмухамедовко жүктөлсүн;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |