Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №4/18
Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому
Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин бекитилген кирешелер бөлүгүнө кирешелер салыгынан ашыкча түшкөндүгүнө байланыштуу, 2026- жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-статьясын жетекчилике алуу менен айылдык Кеңеш:
Токтом кылат:
1. 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кирешелер бөлүгүнүн планына 12 800,0 мин сом ашыкча түшкөндүгүнө байланыштуу, зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында бюджетке төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 70111 “Башкаруу аппаратына” 2211 статьясына 100,0 мин сом, 2222 статьясына 300,0 мин сом, 3112 статьясына 180,0 мин сом Жалпы 580,0 мин сом; -70629 «Турак-жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 2215 статьясына 6727,0 мин сом 2221 статьясына 871,5 мин сом. 2222 статьясына 450,0 мин сом 3111 статьясына 2786,5 миң сом, жалпысынан 10 835,0 миң сом жайгаштырылсын; 70825 “Маданият боюнча ар түрдүү иш чаралар 2215 статьясына 300,0 мин сом Жалпы Маданият бөлүмүнө 300,0 мин сом -70921 « Орто билим берүү » тармагынын 2215 статьясына 390,0 мин сом, 2221 статьясына 695,0 мин сом, жалпы орто билим берүүгө 1085,0 мин сом жайгаштырылсын. Жалпысы бардык тармактар боюнча 12800,0 миң сом жайгаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |