Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №5/18
Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин бекитилген кирешелер бөлүгүнө кирешелер салыгынан ашыкча түшкөндүгүнө байланыштуу, 2026- жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-статьясын жетекчилике алуу менен айылдык Кеңеш:
Токтом кылат:
1. 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кирешелер бөлүгүнүн планына 7770,0 мин сом ашыкча түшөөрү күтүлүүдө. Ашыкча түшө турган акча каражатын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында бюджетке төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2. -70629 «Турак-жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын: 2215 статьясына 720,0 мин сом 2221 статьясына 776,5 мин сом. 2222 статьясына 130,0 мин сом 3111 статьясына 3963,5 миң сом, жалпысынан 5590,0 миң сом жайгаштырылсын. 70825 “Маданият боюнча ар түрдүү иш чаралар 2215 статьясына 165,0 мин сом Жалпы Маданият бөлүмүнө 165,0 мин сом -70921 « Балдар бакчасы » тармагынын 2221 статьясына 950,0 мин сом, жалпы орто билим берүүгө 950,0 мин сом жайгаштырылсын. -70921 « Орто билим берүү » тармагынын 2215 статьясына 10,0 мин сом, 2221 статьясына 965,0 мин сом, 3112 стаьясына 90,0 жалпы орто билим берүүгө 1065,0 мин сом жайгаштырылсын. Жалпысы бардык тармактар боюнча 7770,0 миң сом жайгаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Датка айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |