Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №6/18
Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан Датка айылдык аймагы үчүн Кара-Суу райондук өнүктүрүү фондунан 100 (жүз) даана бетон мамычаларды алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭП бөлүмүнүн башчысы М.Тажикова тарабынан берген маалыматын эске алып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан Датка айылдык аймагы үчүн КараСуу райондук өнүктүрүү фондунан 100 (жүз) даана бетон мамычаларды алууга макулдук берилсин;
2. Аталган долбоор боюнча тиешелүү иштерди аткаруу Датка айыл өкмөтүнүн ФЭП бөлүмүнө жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановка жүктөлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагынын айылдык кеңешининин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |