Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №7/18
Датка айыл аймагында жүргүнчүлөрдү ташуунун баасын макулдашуу берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген чарбакер субъекттердин Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдардын (дизель отуну) баасы кескин кымбатташына байланыштуу кайрылуусун карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймак боюнча бир жүргүнчүнүн ташуунун баасын 25 сом өлчөмүндө белгилөөгө макулдук берилсин;
2. Датка айыл аймагынын аймагы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу баасын бекитүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн суралсын;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |