Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №10/18
Датка айыл аймагынын Маданият айылынын Мол Булак көчөсүнө асфальт төшөө долбооруна жергиликтуу бюджетинен кошо каржылоого каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин "Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 2 пунктун жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттары тарабынан берилген маалыматын угуп, карап чыгып, талкулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Маданият айылынын Мол Булак көчөсүнө 500,0 мин. сом өлчөмүндө Датка айыл аймагынын 2026-жылга тогуз айынын жыйынтыгы боюнча карата бюджетинен төмөнкү долбоорго кошо каржылоого каражат бөлүүгө макулдук берилсин:
2. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү ФЭБ башкы адиси М.Тажиковага Маданият айлынын Мол Булак көчөсүнө асфальт төшөө проектин эске алуу менен 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Датка айылдык кеңешке бюджет бекитүүгө сунуш киргизилсин;
3. Ушул токтомду аткаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы Зарипбек уулу Санабекке милдеттендирилсин;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин “Социальдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.;
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |