Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №11/18
Датка айыл аймагынын Шарк айылынын Боболашкар участкасынын Келечек көчөсүнө (А. Сарымсаков көчөсүдөн Арзуу көчөсүнө чейин) асфальт төшөө долбооруна жергиликтуу бюджетинен кошо каржылоого каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин "Айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 2 пунктун жетекчиликке алып, айылдык кенештин депутаттары тарабынан берилген маалыматын угуп, карап чыгып, талкулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын Шарк айылынын Боболашкар участкасынын Келечек көчөсүнө (А. Сарымсаков көчөсүдөн Арзуу көчөсүнө чейин) 1000,0 мин. сом өлчөмүндө Датка айыл аймагынын 2027-жылга карата бюджетинен төмөнкү боюнча долбоорго кошо каржылоого каражат бөлүүгө макулдук берилсин:
2. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү ФЭБ башкы адисине М.Тажиковага Маданият айлынын проектинин эске алуу менен 2027-жылга карата Датка айылдык кеңешке бюджет бекитүүгө сунуш киргизилсин;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Ушул токтомду аткаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун башчысы Зарипбек уулу Санабекке милдеттендирилсин;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык аймагынын айылдык кеңешинин “Социальдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |