Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №12/18
Кара-Суу районунун Датка айыл Чил-Булак участкасынан Туризимди өнүктүрүү максатында жалпы 47,2 га жайыт тилкелерин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/703 04.08.2026-ж.) каттыны негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын (2026-ж. 5-августундагы №5) протоколун карап чыгып, талкулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Чил-Булак участкасынан Туризимди өнүктүрүү максатында №13 контурунан 0,27 га Таштуу жайыт, №17 контурунан 0,76 га Таштуу жайыт, №18 контурунан 0,29 га Таза жайыт, №19 контурунан 13,08 га Таштуу жайыт, №22 контурунан 1,21 га Таштуу жайыт, №23 контурунан 11,84 га Таза жайыт, №25 контурунан 4,68 га Таштуу жайыт, №27 контурунан 1,21 га Таштуу жайыт, №28 контурунан 13,62 га Таза жайыт, №30 контурунан 0,03 га Таза жайыт, №31 контурунан 0,21 га Таза жайыт, жалпы 47,2 га жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке жүктөлсүн;
4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |