Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 6-августу №13/18
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы №917 контурундагы 1,56 га жайыт жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/703 04.08.2026-ж.) каттыны негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак–жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын (2026-ж. 5-августундагы №5) протоколун карап чыгып жана берген маалыматын эске алып, талкуулап,, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХVIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Медресе айылындагы №917 контурундагы 1,56 га таза жайыт жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Зарипбек уулу Санатбекке жүктөлсүн;
3. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;
4. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
5. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясы”на тапшырылсын.
Төраганын биринчи орун басары |
Р.Юлдашева |