Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы №15-1
Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджети жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган айылдык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Бел айылдык кеңешинин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, кошумча протоколун угуп жана айыл өкмөтүнүнбашчысы А.Эшматовдун, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж. Сайдаматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылда Бел айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык 25485 800 сом өлчөмүндө , анын ичинен салык жана салык эмес кирешелер 17676 100 сом жана теңдештирүүчү грант 2272 300 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу чыгымдардын көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Р -701 ; айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 9 417 687 сом,
Р - 701; айылдык кенешке 539 176 сом,
Р-702; жарандык коргонууга 150 000 сом,
Р- 704; Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесине 1000 000 сом,
Р-704; экономикалык маселелерге 2078 000 сом,
Р-706;камуналдык башка чыгымдарга 380 000 сом,
Р- 708; клубга 419 539 сом,
Р- 708; китепканага 243 777,
Р-708; маданият боюнча иш чараларга 186901 сом,
Р-708; спорттук башка чыгымдарга 100 000 сом,
Р-709; бала бакчаларга 1458320 сом ,
Р-709; мектептерге 1 775 000 сом ,
Р-710;социалдык коргоо; 400 000сом,
3. Бел айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү №3-4 тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2027-жылга 27 734 ,400 сомго 2028-жылга 30193,400 сомго бекитилсин. Бел айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланылган каражаттар тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
4. Айыл аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акы 2026-жылга 503 балага төлөмү 1000 (миң) сом өлчөмүндө белгиленип 5 537 400 сом болуп кошумча планга киргизилсин жана жыл ичинде ачылуучу кошумча тайпа.
5. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин
6. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын
8. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик , айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ураимов М.А. |