Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы №15-2
Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган айылдык бюджеттин бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор, “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, кошумча протоколун угуп жана айыл тургундарынын билдирүүлөрүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Бел айылына;
- Додоң бак бөлүмгө көпүрөгө - 77 000,
- Жаш айылына көпүрөгө – 50 000,
- Жаш айылына Жаш мектебине – 50 000,
- Саз бөлүмгө трансформаторго (100кВат) - 300 000,
- “Райхан” балдар бакчасына- 456 000,
2.Кайрагач айылына;
- Күнгөй бөлүмгө медресеге көпүрөгө, А.Ботобеков көчөсүнө көпүрөгө (ремонтуна) – 310 000
- “Кеңеш” орто мектеби жана “Күн балдары” балдар бакчасына генераторго-50 000
- “Кеңеш” орто мектеби жана “Күн балдары” б.б көмүр канага – 250 000
- “Жоогазын” балдар бакчасына- 100 000
- “Күнгөй -Нуру” орто мектебине кошумча каана ачууга – 150 000
- “Күн балдары” балбар бакчасына-40 000
- Кайрагач а.Кун балдарына кошумча тайпанын
электр энергиясына-12 000
көмүргө- 20 000
3.Экономикалык керектөөлөр бөлүмунөн 1500 000 (бир милион беш жуз миң) сом акча каражатын төмонкү бөлүмдөргө берүүгө макулдук берилсин;
- Бел айылындагы “Райхан” балдар бакчасынын проектисине- 300,0
- Архитектура төлөмдөргө- 400,0
- Бел айылындагы М.Жунусов көчөсүн асфальттоо боюнча проектисине- 200,0
- Фонддун жерлерин инвентаризациялоого- 200,0
- Трансформаторлордун уруксат кагаздарын бүткөрүүгө- 150,0
- Архитектура, кадастр жумуштарына- 150,0
- Кайрагач айылындагы “Күнгөй Нуру ” мектебинин алдына бала бакчанын документ иштерине – 100,0
4. “Бел” муниципалдык ишкананын жайыт комитетинин бюджетине түшкөн 1000 000 (бир милион) сом акча каражатынын 40%ти 400 (төрт жүз миң) сом айыл өкмөттүн бюджетине кириштелип 2026-жылдын II кварталында көмүр сатып алуу статьясына отургузуп иштетүүгө макулдук берилсин.
5. Финансылык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
6. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
8. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ Бюджет, экономика, муниципалдык менчик , айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ураимов М.А. |