Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы №15-3
2025-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган калдык акчаны бөлүштүрүү жөнүндө токтому
Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акчаны бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бел айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган жалпы 2 234 000 (эки миллион эки жүз отуз төрт миң) сом акча каражатын төмөнкү даректерге бөлүүгө макулдук берилсин ;
- Ноокат таңы гезитине берилген жарыялардын төлөмүнө- 7020,
- Жайыт комитетине- 19 000,
- Аялдар кеңешинин семинарын өткөрүүгө -36 000,
- Кадастр, госакт чыгымдарына-59 043,
- Кайрагач айылынын көчолөрүн шагыл төгуп тезиздөөгө- 1206 563,
- Додоң бак бөлүмдөгү көпүрөнүн ремонтуна- 100 000,
- “Райхан” балдар бакчасынын проект, смета чыгымдарына- 200 000,
- Айыл өкмөтүнүн соц обьектилерин жылдык дезинфекциялоого- 55 974,
- “Райхан” балдар бакчасына жана Логистикалык борбордун трансформаторлоруна кабел алуу жана ремонттоого- 147 000,
- Белгилүү даталарга иш чаралар өткөрүүгө -24 500,
- Спорт мелдештерин өткөрүүгө -27 000
- Күнгөй Нуру мектебинин ремонт иштерине- 40 000,
- Ата-энелер төлөмү тамак ашы учүн – 210 497,
- Г.Эргешов атындагы “Бел-Өрүк” орто мектебинин складын оңдоого алынган материалдарга- 74 700,
- Кеңеш орто мектебинин от жагуучу навесинин ремонт иштерине -26 703,
2. Жогорудагы көрсөтүлгөн суммаларды мыйзам чегинде төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешти “ бюджет ,экономика, муниципалдык менчик,айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ураимов М.А. |