Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы №15-4
Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2026-жылга карата бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинини 2026-жылга карата бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор Бел айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык Бел айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 2026-жылга Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 1000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылдын бюджетинин кирешелеринин 10%, 2026-жылга 30% айыл өкмөтүнүн бюджетинде калтырылсын.
3 .Бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчиси Ж.Султановго жана финансы -экономика бөлүм башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
6. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага |
Ураимов М.А. |