Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы №15-5
Бел айылдык кеңешинин мамлекеттик катоодон өткөрүү жөнүндө
Бел айылдык кеңешин мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү" 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123-мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17- бөлүкчөсүнө жана КР нын Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бел айылдык кеңеши юридикалык жак катары түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын: толук аталышы мамлекеттик тилде "Бел айылдык кеңеши" мекемеси; кыскартылган аталышы: расмий тилде учреждение "Бельский айылный кенеш"; кыскартылган аталышы мамлекеттик тилде "Бел а/к м-с; расмий тилде У-е "Бельский а/к".
2. "Бел айылдык кеңеши" мекемесинин аткаруучу органы болуп айылдык кеңештин төрагасы эсептелсин.
3. "Бел айылдык кеңеши" мекемесинин юридикалык дареги (жайгашкан жери): Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Бел айыл аймагы, Бел айылы, Т.Заитов көчөсү, 77.
4. "Бел айылдык кеңеши" мекемесин юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин төрагасы Ураимов Медербек Абдикааровичке жүктөлсүн.
Төрага |
Ураимов М.А. |