Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-майы №16-2
Бел айыл аймагынан Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына тиешелүү аймактык милиция бөлүмчөсүн (ПОМ) курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү
Бел айыл аймагынан Ноокат райондук ички иштер башкармалыгына тиешелүү аймактык милиция бөлүмчөсүн (ПОМ) курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын маалыматы менен таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бел айыл аймагынын Ош-Исфана авто жолунун 52 чакырымынан жалпы 0,4 га жер аянтына аймактык милиция бөлүмчөсүнүн (ПОМ) имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Ажыратылып берилген жер аянтынын иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы М. Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.
3.Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш жана экология ” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Ураимов М.А. |