Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-майы №16-6
Бел айыл өкмөтүнүн мекеме ишканаларына керектелүүчү лимитти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы “Жергиликтүү бюджеттерге каржылоодо турган мекемелердин электр энергиясы үчүн чыгымдарын республикалык бюджеттен каржылоо жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу”№126 токтомун ишке ашыруу максатында, айыл өкмөтүндөгү ишканалардын 2026-жылга электр энергиясынын лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругун карап чыгып Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеш.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел айыл өкмөтүнүн 2026-жылга керектелген электр энергиясы үчүн 490 Квт лимитин бекитүү жөнүндөгү буйругу жактырылсын.
2.Бекитилген лимитти үнөмдүү пайдалануу жагы ар бир мекеме жетекчилерине жүктөлсүн.
3.Токтом боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчыга тапшырылсын.
4.Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
6.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ураимов М.А. |