Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-майы №16-9
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» №502 токтому жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» №502 токтому, Кыргыз Республикасынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы «Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартиби» жөнүндөгү №502 токтому жана бекитилген жобосун аткарууга алуу максатында айыл аймагына тиешелүү бардык айылдарына жайылтылсын.
2. Бел айыл аймагында расымдык кызмат көрсөтүү кызматы түзүлө электигин жана көмүү жайларын алдын-ала брондоо тажрыйбасы буга чейин колдонулбагандыгын эске алуу менен, жергиликтүү калктын тутунган расымдык шартына жараша кабыл алынуусун эске алуу менен айыл аймагында расымдык кызмат көрсөтүү кызматын уюштуруу, ачуу, жагы сунушталсын.
– Айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо акы төлөмү жок жүргүзүлүүсү сунушталсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго тапшырылсын.
4. Бул токтом Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Ураимов М.А. |