Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-майы №16-10
Айыл аймагына жаңыдан курулган логистикалык (мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч) борборду ижарага берүү жөнүндө
Айыл аймагына жаңыдан курулган логистикалык (мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч) борборду ижарага берүү жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү башкаруу жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 15-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-мартындагы №167 "Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык айылдык кеңеш токтом кылат:
1. АРИС тарабынан курулган “CASA-1000” долбоорунун негизинде курулган логистикалык борбор жалпы аянты 0,45 сотых анын ичинде аянты 216 метр кв болгон логистикалык имараттын үч тараптуу меморомдондун негизинде долбоордун жетекчиси Абдилазиз уулу Чыңгызбекке ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ижаранын баасы сезондук мезгилде иштеген бир жылда, алты айлык мөөнөттө айына 6480 (алты миң төрт жүз сексен) сом өлчөмүндө 15 жылга берилсин.
3. Долбоордун жетекчиси Абдилазиз уулу Чыңгызбекке беш же андан көп иш ордун камсыздандыруу,ажаткана,тосмо,жарыктандыруу, жумушчуларга кичинекей бөлмө,
3. Айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана айыл өкмотүнүн ФЭБ башчысы Ж.Сайдаматовго аталган мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү үч тараптуу ижара келишимин түзүп, кол коюу, киреше каражаттарын жергиликтүү бюджетке киргизүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн өш юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Ураимов М.А. |