Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу  №17-11

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына акча каражатын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлө тургангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинен тиешелүү өлчөмдө акча каражатын бөлүү каражатын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жөнүндөгү  мыйзамынын 34-беренесине ылайык Бел айыл аймагынын айылдык кеңеш токтом кылат: 

  1. Бел айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджетинен 230 000(эки жүз отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп  берилсин.
  2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
  4. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтом ченемдик укуктук  актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “жаштар жана спорт маданият жана социалдык маселелер боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.

 

    Сессияны алып баруучу

 

Абдилазиз уулу Ч.