Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 31-июлу №16/1
Баш-Булак айыл аймагынын “Баш-Булак” МИнын 2026-жылга суу пайдалануучуларга суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинин 2.4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун 1-пунктуна ылайык, Баш-Булак айыл аймагындагы суу пайдалануучуларга сугат суунун тарифин бекитүү максатында “Баш-Булак” МИ жетекчиси А.Арапбаевдин маалыматын угуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-октябрындагы №123-мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык, Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.“Баш-Булак” МИнын сунушунун жана айылдык кеңештин жалпы депутаттык туруктуу комиссиялардын отурумунун чечиминин негизинде суу пайдалануучулардан алынуучу сугат суунун тарифи бир куб.метр суу үчүн 30 (отуз) тыйын өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
А.Бакиров |